Бишкек-Ош жолунда Хонда Степвагондун катышуусундагы кырсык кайталанып, 3 адам каза болду

Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-августка караган түнү саат 01:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

"Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 3 адам каза болуп, 4 адам Шамалды-Сай шаарындагы ооруканага жеткирилген. Күйүүчү май ташыган унаадан бензин агып, кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери жол кырсыгы катталган жерди курчоого алып турушкан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Айта кетсек, 20-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталып, 8 адам каза болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aerforce
2017-08-08 09:54:14
Ушул степ айдаган таксилердин мээси эшекткиби кундо угуп жатышат авария авария деп абайлап акырын айдаса эмне болот откондо эле жаздым эле степ менен майташыгандарды май ташыганда ХХХХ куру калатургандай айдашат май ташыган чон унааны артынан кууп жетпейсин баары жаш балдар бензин чайпалат деп ойлошпойт муну чондор чечпейт ар бирибиз озубудон баштайлы ош бишкеке жолундагы таксилер озунордун жашоонорго тукурсонор бироонукун ойлогулада!!!
+15
Alixan-Nookat.2015
2017-08-08 10:11:48
Оозду ачып журо берсин бийлик окулдору чара корбой, катуу талап коюш керек степ вагон айдап такси кылгандарга 20 мин айып пул салса же башка чара колдонуу керек. Эл журт келгиле степ айдап такси кылгандарга тушпойлу мин жылдык тажрыйбасы болсода.
+15
jbolotov
2017-08-08 10:11:54
Трассага ото катуу чектоолорду койуш керек, депуттатар ушуга окшогон нерсеге эч куйбойт экенда
+8
Altysha89
2017-08-08 10:31:31
Кандай кундөр болуп жатат тооба. Эрте менен туруп эле жанылык окуганга кирем , бирок акыркы убактарда жакшысын окуй албай калдым. Эмнеге бир чара көрушбөйт бийликтегилердин баары шалаакы өз кызыкчылыгы үчүн журушөт.канчалаган бейкунөө мекендештерибиз каза болду айдоочулардын кесепетинен. Көзу өткөндөрдүн жакындарына сабыр.
+3
Azat.97
2017-08-08 10:32:33
ХХХХ таксилери
0
zhanarbek80
2017-08-08 10:34:55
Жолду казып салуу керек бишкектен ошко чейин.
0
Tokmokchu-1
2017-08-08 10:37:42
Он рулдуу унааларга жургунчу ташууга тыю салып, бай ийбегендерге 20мин, кайталанса 50мин сом жаза киргизиш керек эле...

Тигине таксисттер Торобаевге рахмат айтып жатышат, он рулдуу унааларда жургунчу ташууга тыю салган мыйзамды 2020-жылга чейин узартууну демилгелеп откоруп берди деп... Ошол Торобаев канчалаган адамдардын олумуно куноолуу экенин билбейт бекен?!! Артында тузук иши жок, президент болом дейт. Кырсыктын копчулугу он рулдуу унаалардын айынан болгонун кантип танасынар?!
+11
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-08 10:55:28
Дагы кырсык Степ вагон смерт вагон болдуго
+11
BekAmir
2017-08-08 11:20:16
Он рулдуу унааларга такси кылганга тыюу салыш керек.бийлик эмнени карап отурат?..
+7
Take_men
2017-08-08 11:40:32
Степ айдаган тасистердики го белгилуу мына бу май ташыган бензовоздор стептен да катуу айдашат ан донду карабай
+3
Tologonismailov01
2017-08-08 11:43:00
Кайран омур ай бир заматта 3 адамдын омурун алып кетти, ушул таксисттердин айынан канча омурлор кыйылып жатат. Бир болсо Кыргызды ушул Степ айдагандар эле олтуруп жок кылат!
+6
wwwbaxa
2017-08-08 11:59:32
пачкалап адамдар кайтыш болуп жатса да,бийлик тараптан реакция болбогону өкүндүрөт.Мамлекеттин акчасын жеп жатышат балээсине күнү-түнү иштешпейби жанагы жол кайгуул дегендер....
+4
ZHYRGAl1412
2017-08-08 14:46:10
Кайсыл жерде авария болбосун он рулдуу машиналар
+2
Elif2015
2017-08-08 19:13:30
Шашкалактап Шашпай эле айдасак болотго машинаны ,уктап эс алып жолго ЧЫГААРДА машинаны тетиктерин текшерип .
Кундузу жолго чыкканда аракет кылып .жетер жериме жетип шашып кезеке туруп бир кундо кайра Бишкекке келип калганга жанталашып кетишет таксистер акча акча ...
Эх өкунучтуу!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан