7-августтан 8-августка караган түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, анын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 3 адам каза болгон. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, каза болуп жана жабыркагандардын баары Лейлек районунун Тогуз-Булак айылынын тургундары болушкан.
Каза болгондор:
1. 1978-жылы туулган С.А. (эркек киши);
2. 1974-жылы туулган Н.А. (аял киши);
3. 2014-жылы туулган А.Н. (эркек бала);
Жабыркагандар:
1. 1948-жылы туулган М.М. (эркек киши);
2. 1930-жылы туулган А.Г. (аял киши);
3. 1965-жылы туулган Б.Г. (аял киши).