Бүгүн эртең менен бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы тууралуу "Элдик кабарга" маалымат келген эле. Бул боюнча Бишкек ШИИББи төмөнкүлөрдү билдирди.
"Шералиев жана Масалиев (Түштүк магистраль) көчөлөрүндөгү жол кырсыгы Мерседес Спринтер менен Фольксваген Транспортер унааларынын катышуусунда болгон. Кырсыктан маршруттук таксинин жүргүнчүсү 1998-жылы туулган кыз каза болду. 20га жакын адам жаракат алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Фольксваген Транспортердин 29 жаштагы айдоочусу жол чыракта кызыл күйүп турганда айдап өткөн. Натыйжада Мерседес Спринтер оодарылып кеткен. Айдоочулардын экөө тең спирт ичимдиктерин ичпегени аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.