Дастин Хоффман америкалык белгилүү актёр, режиссёр жана продюсер. Ал көптөргө “Бүтүрүүчүлөр” тасмасындагы уялчаак Бенжамин Брэддок, “Кичинекей чоң киши” тасмасындагы ак чачтуу карыя Жек Крэбб жана “Крамер Крамерге каршы” фильминдеги Тед Крамердин образы менен таанымал. Ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн "Кунг-фу панда" мультфильминдеги чебер Шифунун үнүн да дал ушул актёр коштогон. Дастин Хоффман 1937-жылы 8-августта АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Актёрлукка болгон кызыгуусу кичинесинен пайда болуп, 1966-жылы кинодогу алгачкы ролун аткарган.
1967-жылы жарыкка чыккан “Бүтүрүүчүлөр” тасмасындагы ролу актёрдун ийгиликтүү ачкычы болуп саналат. Себеби дал ушул тасмадагы образы үчүн “Мыкты дебют” наамын жеңип “Алтын глобус” сыйлыгына татып, “Оскар” сыйлыгынын “Эркектин мыкты ролу” наамына көрсөтүлгөн.
Актёр өз ишин абдан мыкты аткаргандыгы жана ар бир образга олуттуу мамиле жасагандыгы үчүн режиссёрлор арасында "эмгекчил актёр" атка конгон. Мисалы, жаш-кары дебей сүйүп көргөн “Кунг-фу панда” мультфильминдеги чебер Шифунун үнүн абдан жеткиликтүү кылып коштогон. Себеби сценарий жазуучулар мульфильмдин соңунда Шифу сөзсүз түрдө каза табат деп айтышкан. Аларга ишенген актёр чынында абдан берилип аткарып, канчалаган көрөрмандар анын өлөрүнө ишенишкен.
“Крамер Крамерге каршы” тасмасында Дастин Хоффман менен белгилүү актриса Мэрил Стрип катышкан эпизод Нью-Йорктогу ресторандардын биринде тартылган. Азыркы учурда алар отуруп тартылган столдун жанында съёмка учурундагы сүрөттөр илинип турат.
Актёрдун карьерасындагы ийгиликтүү тасмалардын бири – “Жамгыр адамы”. Бул фильм көрүүчүлөргө көп кызыгуу жаратып, 1989-жылы 4 “Оскар” сыйлыгын жеңип алган. Ал эми Дастин Хоффман “Мыкты актёр” аталган. Ошондой эле “Мыкты фильм” жана “Мыкты актёр” наамы менен 2 “Алтын глобус” сыйлыгына татыган.
“Тутси” тасмасында өзүнүн татаал мүнөзүнөн улам бир да жумушта туруктуу иштей албагандыктан, аялдардын кийимин кийип, ушул образ менен көптөргө жагарын түшүнгөн Майкл Дорси же Дороти Майклздын ролун мыкты деңгээлде аткара алган.
Актёр 2012-жылы 27 жаштагы Сэм Демпстер аттуу баланын өмүрүн сактап калууга салым кошкон. Тагыраак айтканда, Демпстер паркта чуркап жүргөндө жүрөгү токтоп калган. Ал жакта сейилдеп жүргөн Дастин Хоффман аны көрөр замат дароо "Тез жардам" чакырып, келген дарыгерлер баланы ооруканага жеткиришкен. Өзүнө келген Демпстер актёрдун жакшылыгына ыраазычылык билдирген.
Хоффман 1969-жылы Энн Бьёрн аттуу балерина менен баш кошуп, Женни аттуу кыздуу болгон. Бирок 11 жыл бирге жашаган үй-бүлө 1980-жылы ажырашып кетишкен. Арадан бир жума өтпөй Лайза Готтсеген аттуу адвокат кызга үйлөнүп, учурда алар 4 баланын ата-энеси.
8-августтун жылнаамасы.