Талас облусунда уурулукка шектелген бир тууган үч аял кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева маалымдады.
"Талас ШИИБине шаардын борбордук базарында иштеген соодагерлер акча, буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу арыз жазышкан. Иликтөө маалында базардагылардын мобилдик телефондору, баалуу буюмдары, акчалары уурдалгандыгы аныкталды. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында уурулукка шектелип Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын тургундары кармалды. Алар 1971-жылы туулган Г.А, 1976-жылы туулган М.А жана 1979-жылы туулган М.А аттуу бир тууган эже-сиңдилер. Буларга Г.Анын 21 жаштагы уулу да жардам берген. Бүгүнкү күндө алар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышкан, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 85 000 сомду түзөт. Кармалгандарга тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.