Ысык-Ата районунда 60 жаштагы тургунду сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-август күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун Ивановка айылына жакын жерде болгон. Анда белгисиз айдоочу Мерседес Бенц 211 үлгүсүндөгү унаасы менен 1957-жылы туулган Бактыбек Усуповду сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерден көз жумган.
Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, айдоочу изделүүдө. Жогорудагы жол кырсыгы боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, 0312 446 422, 0558 689 530 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар болот.