Индия музыкасы жана бийи дегенде баары Болливуд кинолорун, шаңдуу музыка, сари кийип бийлеген кыздар тобун элестетери бышык. Бүгүн Улуттук китепканадагы Индия окутуу борборуна биринчи ирет келип жаткандар да таң калганын жашырышкан жок. Анткени концертте индиялыктар дээрлик жок болду, жай музыка, катышуучулардын баары бут кийимин чечип отурушту. Чогулгандар Индиянын маданиятына кызыккандар эле.
Бүгүн, 8-августта Кыргыз мамлекетиндеги Ыйман, адеп, маданият жылы жана Индиянын эгемендүүлүгүнүн 70 жылдыгына карата Улуттук китепканада чакан концерттик программа тартууланып, Индиянын классикалык музыкасы жана бийи көрсөтүлдү. Ошону менен бирге катышуучулар медитация жасашты.
Уюштуруучулардын бири Айнура Токтоболотова медитация өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө да жакшы таасир бергенин айтат.
"Бул жакка келгендердин арасында жаш балдар да, чоңдор да бар. Көпчүлүгү дартка чалдыкканда издешет. Анткени дарыгерлер диагноз коё албай калган учурлар болот. Медитация биринчи иретте жүрөктү тазалайт. Өзүм тууралуу айтсам, үйдө көп көйгөйлөр болуп жатты. Туугандарыбыз сыркоолоп калып жатышты. Медицина ооруп калганда жардам берет, бирок ички дүйнөнү тазалоодо медитациянын ролу чоң. Мисалы, намаз окуп жатканда мусулмандар медитация жасагандай болот. Анда адамдын өзү да, ою да бир жерде болуп Кудай менен түз байланышта болушат эмеспи. Ырлар, бийлер, ички дүйнөңө тынчтык алып келет. Каякта иштегениң маанилүү эмес, жолуң ачылат", - дейт Токтоболотова.
Индия окутуу борборуна келип бийлеп жүргөн Ксения Романова дал ушундай саамалыктар Каракол, Балыкчы, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Талас шаарларында өткөрүлүп жатканын айтты. "Башкы максат элди Индиянын маданияты менен тааныштыруу. Медитациянын пайдалуу экенин жеткирүү. Бул сөздөн коркпош керек. Йогада качан, анан кайда деген нерсе жок. Анда азыр, анан ушул жерде деген нерсе бар", - дейт ал.
Иш-чарада Орусиядан келген музыканттар обондордун жана инструменттердин жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсе, бийчи Наталья Кочетова катхак стилинде бийледи. Катышуучулар медитация жасап, сари кийип, Индиянын улуттук тамагынан даам татышты. Соңунда уюштуруучулар келген көрүүчүлөрдүн колдоруна хна менен түрдүү сүрөттөрдү тартып беришти.