1981-жылы 8-августта Швейцариянын Базель шаарында учурдагы Дүйнөнүн 3 мыкты теннисчинин катарына кирген Рожер Федерер төрөлгөн.
Рожер Федерердин ата-энеси кичинекей кезинен баштап спортту сүйүүгө үйрөтүп баштаган. Кичинекей Федерердин кызыккан спорту теннис, футбол жана гольф болчу. Анын ата-энеси бош учурунда теннис менен алек болгондуктан, Рожер 3 жашында алгачкы жолу теннис ракеткасын колуна алган.
Бирок ата-энеси Рожерди профессионалдуу теннисчи кылууга умтулган эмес.
Рожер Федерер 1996-жылы жаштар арасындагы бир нече мелдештерди жеңген соң аты чыга баштайт. Бардык эксперттер Рожердин корттогу кыймыл-аракеттерине жана мыкты соккуларына жогорку баа беришет. 1998-жылы Федерер жаштар арасындагы Уимблдон мелдешин жеңип, дүйнөлүк квалификацияда 1-орунга көтөрүлөт. Ошол эле жылы ATP "Swiss Open" мелдешине жолдомо алып профессионалдык теннисте ойной баштайт.
Бир жылдан кийин Федерер дүйнөдөгү 100 мыкты теннисчинин катарына кирет. Ошону менен Федерердин карьерасы бир аз токтоп калат. Теннисчинин өсүшүнө анын мүнөзү тоскоолдук кылат. Рожер эмоцияларын кармай албай, жинин ракетканы жерге таштап чыгарууну адатка айланткан. Федерердин бактысына жараша тажрыйбалуу машыктыруучу табылат. Ал теннисчинин ойноо стилин алмаштырып, сабырдуу болууга үйрөтөт.
2001-жылы февраль айында Рожер Федерер Миланда өткөн чоңдор арасындагы мелдешти жеңип, февралдын мыкты оюнчусу аталат. Ошол эле жылдын жай мезгилинде Рожер Федерер Уимблдон мелдешинде өзүнүн кумири Пит Сампрасты жеңип алат.
Кийинки 2 жылдын ичинде Рожер Федерер 8 мелдеште жеңишке жетет, бирок Чоң шлемдин катарына кирген мелдештердин биринде дагы жеңүүчү боло албай калат.
2004-жылды Федерер мыкты өткөрөт, теннисчи ошол жылы Америка жана Австралия Ачык Биринчилигин жана Уимблдонду жеңип алат. Жыйынтыгында Рожер Дүйнөлүк классификацияда 1-орунду ээлейт.
Кийинки жылы Рожер Федерер 2004-жылдагы жетишкендигин кайталап Чоң шлемдин түркүмүнө кирген 3 ири мелдеште жеңишке жетет. Бир жылдын ичинде 92 беттеште жеңүүчү болуп, 12 мелдешти жеңип алат.
2009-жылы Рожер Федерер Ролан Гаррос мелдешинде Робин Сёдерлинг менен беттешип жеңишке жетет. Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдешти тең жеңип, карьералык Чоң шлемдин ээси болот.
2012-жылы Австралия Ачык Биринчилигинин чейрек финалында Рожер Федерер 1000-беттешин өткөрүп, 2000-сетти жеңип алат. Ал жылы Рожер Уимблдондо жана ар кайсы мелдештерде 10 жолу финалга өтүп, 6 жолу жеңишке жетет.
2013-2016-жылдары Рожер Федерер Чоң шлем түркүмүнө кирген мелдештерде жеңишке жетпей калат. Ал 2 жолу Уимблдон турниринде (2014 жана 2015-жылдары) жана 1 жолу Америка Ачык Биринчилигинде финалга чыгып Новак Жоковичке жеңилет.
2017-жылы Рожер Федерер Австралия Ачык Биринчилигинин финалында испан теннисчиси Рафаэль Надалды жана Уимблдондун финалдык беттешинде хорватиялык Марин Чиличти жеңип алган.
Жалпы эсепте швейцариялык теннисчи Чоң шлем түркүмүнө кирген Уимблдонду 8 ирет, Австралия Ачык Биринчилигин 5 ирет, Ролан Гаррос мелдешин 1 жолу жана Америка Ачык Биринчилигин 5 жолу жеңип алган.
Үй-бүлөлүк абалын айта кетсек, Рожер Федерер 2009-жылы швейцариялык мурунку теннисчи Мирослава Вавринец менен баш кошкон. Рожер менен Мирослава баш кошконго чейин 9 жыл сүйлөшүп жүрүшкөн.
Мирослава Вавринец 1998-жылы профессионалдык теннис чөйрөсүнө аралашып, 2002-жылы бутунан жаракат алган соң карьерасын жыйынтыктаган.
2009-жылы Рожер Федерер Майла Роуз менен Шарлин Рива аттуу эгиз кыздардын атасы болот.
2014-жылы Лео жана Ленни аттуу эгиз балалуу болот.