Анжелина Жоли экс-жолдошуна улуу баласынын туулган күнүнө келүүгө тыюу салды

Соңку убактарда Голливуд жылдыздары Анжелина Жоли менен Брэд Питти кайрадан жарашат деген кептер байма-бай айтылып келген. Бирок актриса бул кептер чындыкка дал келбей турганын далилдеди көрүнөт. Чет элдик басылмалардын маалыматына таянсак, өткөн дем алыш күнү түгөйлөрдүн улуу баласы Мэддокс 16 жашка толгон. Бул күнү Питт уулун куттуктоо максатында чакан кече өткөрүп, анын бардык каалоосун аткарып берүүнү көздөгөн. Бирок мындай оюн Анжелинага айтканда ал каршылык көрсөтүп, экс-жолдошуна туулган күнгө чакырылбаганын эскерткен.

Белгилей кетсек, мындай көрүнүш алардын ортосунда алгачкы жолу кездешкен жок.

“Буга чейин актриса Шайло, Нокс жана Вивьен аттуу балдарынын туулган күнүнө да Питтин келүүсүнө уруксат берген эмес. Бирок актёр үчүн баарынан да улуу баласы Мэддокс менен мамилесин жакшыртуу маанилүү эле. Себеби жубайлардын урушу анын дал ушул баласына кол көтөргөндүгүнөн улам башталган”, - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, түгөйлөр өткөн жылдын сентябрь айында эки ажырым жолго түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rios.07
2017-08-08 18:32:58
ой ажайыптар эй балажан болбойле жарашып алсанар болмок, ата учун эн кымбат бала да бала учун жашайбызда.
0
Ayida
2017-08-08 21:18:07
Баласы окшобойтго эч кимге бир аз эле апасына окшош
0
ALMAAAN
2017-08-08 21:30:39
Бул бакма баласы болуш керек ар кайсы улуттан бала багып алышса керек
+1
ayjan_90
2017-08-08 22:12:12
Баласы жылдыздуу экен бир аз кыргызга да окшоп кететго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан