Испаниялык "Реал Мадрид" клубу УЕФАнын Суперкубогун утуп алды

Бүгүн, 9-августка караган түнү Македониянын Скопье шаарында УЕФАнын Суперкубогу үчүн өткөн беттеште испаниялык "Реал Мадрид" менен англиялык "Манчестер Юнайтед" туш келип, "Реал Мадрид" 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Оюн курч мүнөздө башталды. 24-мүнөттө Каземиро эсепти ачканга мүмкүнчүлүк алды. Экинчи таймды "Реал" мыкты өткөрдү. 52-мүнөттө Гарет Бейлдин чыгарып берүүсүнөн кийин Иско эсепти 2:0 кылды. "Манчестер Юнайтед" 62-мүнөттө Ромелу Лукакунун голу менен жооп кайтарды.

Мадриддик клуб өз тарыхында төртүнчү жолу УЕФАнын Суперкубогун жеңип алды.

"Реал Мадрид" - "Манчестер Юнайтед" 2:1

Голдор: Каземиро (24-мүнөт), Иско (52-мүнөт) - Ромелу Лукаку (62-мүнөт)

Калыс: Жанлука Рокки (Италия).

Реал Мадрид - Манчестер Юнайтед 2-1
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
admin_superstan
2017-08-09 10:03:10
Syn4y, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрду калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Tyty1990
2017-08-09 10:07:48
Реал өтө сонун оюн көргөздү. Реалчыларды куттуктайм.
+5
elmurat.kg
2017-08-09 11:19:17
жакшы оюн болду.
Манчестердеда мумкунчулуктор жакшы эле болду колдоно алышпады
0
nemo2016
2017-08-09 11:49:17
МЮ жакшы чабуулдарды корсотту бирок барибир Реал утуп кетти
0
USSRKG
2017-08-09 13:03:33
Реалдын токочун Барселона гана берет экен.! Калганы фуу
-4
FCBMESSI
2017-08-09 15:10:35
Реалды Барса гана жаткырып койот Суперкубок Испания оюнун кутуп калабыз))
-4
Usonbek
2017-08-09 17:45:04
Инша Аллах Испания супер кубогун да женет Реал
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан