Ооганстанда "Талибан" ислам кыймылынын согушкерлери барымтадагы 235 адамды азаттыкка коё берди

Ооганстанда "Талибан" ислам кыймылынын согушкерлери барымтадагы 235 адамды азаттыкка коё берди. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ооганстандын түндүк аймагында барымтада жаткандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин коё берилген. Согушкерлер дагы жүздөгөн адамдарды барымтада кармоодо.

"Өткөн жумада согушкерлер Сари-Пуль провинциясындагы айылдардын бирине кол салышкан. Мында 50дөн кем эмес жөнөкөй жарандар каза болгон. Алардын арасында аялдар, жаш балдар жана карылар болгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syn4y
2017-08-09 09:19:57
kyzdardy kelin kylyp koiuwsa kerek uje
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан