Швециянын борбору Стокгольмдо 84 жаштагы аял унаасын токтотуп жатып, тормоз басам деп адашып газды тээп алган. Анын кесепетинен унаа алдыдагы адамдарды сүзүп токтогон. Бул кабарды аталган өлкөнүн маалымат каражаттары кечээ, 8-августта жазып чыгышты.
"Окуя Стокгольмдогу бейтапкананын алдында катталган. Кырсыктан 3 адам оор жаракат алышып ооруканага жеткирилди. Полиция жол кырсыгын "бул теракт эмес, кокустук" деп баалоодо", - деп айтылат маалыматта.