Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк капчыгайында 200 гектар куураган чөп күйүп кетти

Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк капчыгайында өрт чыгып, 200 гектар куураган чөп күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-август күнү түшкү саат 12:00 чамасында Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк капчыгайында райондук Токой чарба ишканасынын карамагындагы аянтта өрт чыгып, натыйжада 200 гектар куураган чөп күйгөн. Андан сырткары 2 гектар эгилген бадам жана мисте, 6-7 гектар эгилген буудай өрттөнгөн.

"Өрттү өчүрүү иштери өз убагында жүргүзүлүп, өрт саат 18:36да чектөөгө алынып, саат 21:00дө толук өчүрүлгөн. Өрттөн келип чыккан материалдык чыгымды тактоо иштери бүгүн жүргүзүлөт. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан