Ош шаарынын Курманжан датка аймактык кеңешинде сууга агып кеткен эки өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-август күнү Оштогу "Южный" каналына 11-12 жаштагы эки бала түшүп жатып, агып кетишкен.
Балдардын биринин жансыз денеси кийими чечилген жерден 500 метр ары жактан, экинчи баланын жансыз денеси 5-6 чакырым аралыктан табылган.