Орусияга кетип калган банк кызматкери Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"1988-жылы туулган Екатерина Лященко 7-августта Бишкекке учуп келген. Учурда ал "Банк Азиянын" Бишкектеги башкы кеңсесинде. Анын эмне себептен Орусияга кетип калганы такталууда", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.
Айта кетсек, 28-июль күнү Каракол ШИИБине 1950-жылы туулган Галина Ивченко арыз менен кайрылып, 1988-жылы туулган Екатерина Лященко аттуу кызы 27-июлда жумушка кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Екатерина Лященко 27-июль күнү саат 12:45ке чейин иштегени жана ага чейин кардарлардын банктык картасынан адашып, 182 миң сом карыз болуп калганы боюнча түшүнүк кат жазганы белгилүү болгон. Бирок ал акчаны аз убакыттын ичинде ордун толтуруп, жумуштан бошотуу боюнча арыз жазган.
28-июль күнү саат 14:22де Бишкек-Москва аба каттамы боюнча "Манас" аэропортунан каттоодон өткөн.