"Кара көзүм" ыры менен таанылган эстрада ырчысы Дайыр Исмадияровдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги бир нече мүнөттөрдөн кийин башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ырчыга байланыштуу суроолоруңузду берип, жооп алсаңыз болот. Ал эми оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарылмакчы.
Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолоруңузга түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.
15:00. Дайыр Исмадияровдун SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучулардын билимди текшерүүчү суроолоруна жооп берди.
15:11. Жакында Таиланд өлкөсүнө барып келген ырчы: "Бул өлкөнүн тамак-ашы такыр жаккан жок. Баарына эле кыям кошо беришет экен. Бирок аралдары кооз. Ал жакта жүрүп, бир клипти тартып бүтүрүүгө жетиштик", - деди.
15:15. "Келинчегим менен ажырашкан жокмун. Убактылуу таарыныша кеткенбиз. Учурда баары жакшы, наристе күтүп жатабыз", - дейт ырчы.
15:18. Суроо: Келинчегиңиз Жанара эгиз төрөйт деп жатышат. Сиздин туугандарыңызда эгиздер барбы?
Жооп: Эгиздер төрөлүшү мүмкүн. Учурда уул деп күтүп жатабыз. Бирок кыз болобу, уулбу, төрөлгөн перзентти бактылуу кылууга аракет кылам.
15:22. Ырчынын "Аста, аста" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.
15:30. Суроо: Алгачкы махабатыңыз эсиңиздеби? Мен сиздин биринчи сүйүүңүзмүн. Мени эстейсизби, бирге өткөргөн күндөрдө берген убадаларыңыз эсиңиздеби?
Жооп: 7-классымда мектепке жаңы кыз келип, экөөбүз экскурсияга чыкканда таанышканбыз. Ошентип анын сумкасына шоколад салып, кат жазып жүрдүм. Ошол алгачкы сүйүүм окшойт.
15:35. Суроо: Башка мырзалардан сизди өзгөчөлөнтүп турган сапатыңыз кайсы?
Жооп: Бул суроого досторум жооп бериши керек го дейм. Логикалык жактан айтсам, манжа издерим мени башкалардан айырмалап турат. Ал эми сырткы келбетимден көздөрүм башкалардыкына окшошпойт.
15:42. "Чыгармачылыкта досторум көп, бирок түнкү саат 3тө чалып, "мени алып кетчи" дей турган кан досум жок", - дейт ырчы.
15:47. Ырчы күйөрманынын суранычы боюнча "Кара көзүм" ырын аткарып жатып сүрдөнүп, сөздөрүн унутуп койду. Бирок көп өтпөй улантып кетти.
15:52. Суроо: Өзүңүздүн үнүңүзгө кандай баа бересиз?
Жооп: Менин тембрим өзүмө аябай жагат. Адам өзүн сыйлабаса, башкаларды дагы сыйлай албайт. Өзгөчө караокеде орусча чыгармаларды аткарганда үнүм жагымдуу чыгат. Демек, үнүмө 100 деген балл берем.
16:01. Суроо: Амир Аскаров менен "разборкаң" эмне болду? Чынын айтчы, эркекче барып мушташтыңбы?
Жооп: Ар бир киши адашат. Башка бирөөлөрдүн айтуусу боюнча, алардын таасири менен туура эмес ишке барышы мүмкүн. Ошондуктан бул жигитти ошондо эле кечирип койгом.
16:04. Окурмандын "кыздардан дагы өтүп кийимдерди жарнамалай бергенден уялбайсыңбы", - деген билдирүүсүнө ырчы төмөндөгүчө жооп берди.
"Биздин жумуш ушундай болуп жатпайбы. Азыркы учурда жашоо ушундай. "Мен сага ушуну берем, сен кийип сүрөткө түшүп кой" дегендей. Анын эмнеси жаман? Балким, мен кийимдерди жарнамалоо менен айрым адамдарга жардам берип жаткандырмын. Суроо берген адамга "сиз ушинтип суроо бергенден уялбайсызбы?", - дейт Дайыр Исмадияров күлүп.
16:14. Ырчынын түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.