Түркияда велосипед менен бара жаткан Кыргыз жаранын унаа сүзүп кетти

Түркиянын Кастамону шаарында Кыргыз жаранын унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кастамону шаарынын түндүк тарабында велосипед менен бара жаткан 21 жаштагы Нурсултан Төлөнбай уулу аттуу Кыргыз жаранын унаа cүзүп кеткен.

Ошондой эле аталган маалыматта жол кырсыгынан жабыр тарткан Кыргыз жаранынын жакынкы ооруканага жеткирилгени, учурда анын абалы туруктуу экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur_kadyr
2017-08-10 00:51:45
Акыркы жанылыктарды окугум деле келбей калды...Бут эле жаман кабарлар(((

Дагы жакшы бул жигит аман-соо экен,Аллах шыпаасын берип батыраак сакайып кетсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан