Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2019-жылдын июль айында таэквондо ИТФ боюнча Азия чемпиондугу өткөрүлөт. Бул тууралуу 9-августтагы маалымат жыйында Кыргыз таэквондо ИТФ ассоциациясынын президенти Эдуард Хегай билдирди.
Анын айтымында, Түштүк Кореяда 2-5-августта өткөн Азия биринчилигинде 2019-жылы ачык Азия чемпиондугун Кыргыз өлкөсүндө өткөрүү тууралуу расмий түрдө айтылган.
"Аталган иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн таэквондо тарыхында алгачкы жолу өткөрүлөт. Биз ага олуттуу даярдык көрүп жатабыз. Мелдешти 2019-жылдын июль айынын аягында өткөргөнү жатабыз. Биринчиден, ал убакытта аба ырайы жылуу болот, экинчиден, эс алууга барган күйөрмандар көргөнгө мүмкүнчүлүк алат. Биз Кыргыз спортчулардын деңгээлин гана эмес, Кыргыз жеринин кооздугун, ажайып жайларын жана өзгөчөлүгүн көрсөткүбүз келет. Учурда Кыргыз мамлекетинин бардык аймактарында машыктыруучулар бар. Биз алардын деңгээлин көтөрүүгө аракет кылып жатабыз. 2019-жылы Азия биринчилигинде Кыргыз өлкөсүнүн атынан көбүрөөк спортчу катышат деген үмүттөбүз", - деди Эдуард Хегай.
"Биз мелдешти өткөрүп, Кыргыз өлкөсүндө спортчулардын даярдыгы мыкты экенин Дүйнө жүзүнө көрсөтөбүз. Көбүнчө Кыргыз мушкерлерибиз чет өлкөдө өткөрүлгөн мелдештерге барганга шарттары жок болгондуктан катышпай калып жатат. Эми эл аралык мелдеш биздин өлкөбүздө өтсө, Кыргыздын мыкты спортчулары катышканга толук мүмкүнчүлүк алат деп ойлойбуз", - деди өз сөзүндө Кыргыз таэквондо ИТФ ассоциациясынын вице-президенти Ринат Токтоев.