Бишкек шаардык соту Максат Кунакуновду 10 жылга камакта калтырды

Ушул жылдын 4-август күнү Бишкек шаардык соту Максат Кунакуновго чыгарган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте "теракт уюштурууну көздөгөн" деп бир нече адам жок кылынып, айрымдары колго түшкөнү маалымдалган. Кунакунов "Манас" аэропортунан 20-июль күнү таңга маал кармалып, камакка алынган. Ал УКМК тарабынан "террордук уюмга жардам берген" деп айыпталып жаткан. Кунакунов өзүнө ачылган кылмыш ишин "жасалма" деп мүнөздөп, бул аракет саясий куугунтук экенин айтып келген.

Максат Кунакунов убагында "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arzygulR
2017-08-09 16:13:19
Саясий куугунтук болушу мумкунким билет жалгыз Аллах билет
0
jbolotov
2017-08-09 16:27:21
Ак жолдон болсо эле Бакивдин кадрлары деп чымынды тоо кылып камашы мумкун, сотторго ишенич жокда азыр.
0
TazaKyrgyz
2017-08-10 08:16:19
Милициялар деле адам да кантип эле Бакиевдин ак жолунан деп камасын куноосу далилденгенден кийин камадыго.Туш келди жаза бербей кичине ойлонуп,билип жазсак туугандар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан