Орусиянын Мурманск облустук ооруканасындагы онкологиялык оорулардын бөлүмүнүн башчысына бир нече жолу бычак сайылып өлтүрүлдү. Окуя бүгүн, 9-августта болгондугун РИА Новости маалымат агенттиги жазууда.
Маалыматта айтылгандай, дарыгерди өлтүргөн адам ошол жерден дароо эле өзүнүн да өмүрүн кыйган.
Адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер тарабынан көрүлгөн аракеттердин баарынан жыйынтык чыккан эмес. Бөлүм башчы алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.
"Дарыгерди өлтүргөн адам ага кирүү үчүн жазылган эмес. Ал аталган ооруканага буга чейин кайрылган, анын саламаттыгында көйгөйлөр бар болгону менен, онкологиялык оорусу жок болчу. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, экспертиза жүргүзүлөт", - деп билдирген Мурманск облусунун саламаттыкты сактоо министри Валерий Перетрухин маалымат каражаттарына.
Мурмансктын жашоочулары социалдык тармактарга дарыгерди өлтүргөн адам "Психикалык жактан жабыркайт" деп жазышкан. "Бул киши тамагымда залалдуу шишик бар деген ойду мээсине орнотуп алган. Бирок дартты аныктоодо анын оорусу жок болуп чыккан. Мындан улам өлтүрүлгөн дарыгер аны дарылоодон баш тарткан", - деп айткан ооруканадагы бейтаптардын бири.