Сузакта жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылындагы жол кырсыгынан көз жумган адамдар Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундары болгон. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова билдирди.

"Жол кырсыгынын натыйжасында Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундары Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1997-жылы туулган М.Д., жүргүнчү 1997-жылы туулган М.Д. жана Хонда үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү 1995-жылы төрөлгөн М.М. окуя болгон жерден каза болушкан", - дейт Самара Кыдырова.

Ал эми ооруканага 3 адам жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабырлануучулардын абалы оор.

Эскерте кетсек, Сузак районунда 8-августтан 9-августка караган түнү саат 01:00дөр чамасында эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
arimle00
2017-08-09 20:01:43
Тортунчу бала дагы каза болду(((
0
Nurdinova
2017-08-09 22:08:04
arimle00,
Ким деген бала болчу
0
arimle00
2017-08-09 23:31:55
Nurdinova,раатбек
0
Nurdinova
2017-08-10 02:50:16
Аллахым билип билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин жаткан жерлери жайлуу болсун
+1
Niet.
2017-08-10 03:59:30
Жакшы балдар эле баары, жаш кетти да жаш кетти. Жайы жаннатта болсун
+3
nura.177
2017-08-10 04:06:10
Каап отто окунучтуу, жаш балдар жаш кетишиптир, ээ кыргыздар жол кырсыгынан эле канчалаган адамдар отуп кетип жатышат бул жашоооодон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан