Футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалынын алгачкы беттешинде "Дордой" "Абдыш-Атаны" 2:1 эсебинде жеңди

Бүгүн, 9-август күнү футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалынын алгачкы беттешинде бишкектик "Дордой" өз үйүндө "Абдыш-Ата" командасын кабыл алып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун 36-мүнөтүндө "Абдыш-Ата" командасынын чабуулчусу Иван Филатов пенальтиден Валерий Кашубадан мыкты болуп эсепти 1:0 кылды. Буга "Дордой" командасы 70-мүнөттө Ислам Шамшиевдин голу менен жооп берди. 86-мүнөттө "Дордойдун" оюнчусу Авазбек Откеевдин туштап берүүсүн Алишер Азизов жыйынтыктап оюнга чекит койду.

Жооптук беттеш 16-августта Канттын "Абдыш-Ата" стадионунда өтөт.

"Дордой" (Бишкек) – "Абдыш-Ата" (Кант) 2:1

Калыс: Киемидин Пириев;

Голдор: Иван Филатов - 36-мүнөттө; Ислам Шамшиев - 70-мүнөт; Алишер Азизов - 86-мүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Floweriza
2017-08-09 21:50:44
Ислам Шамшиев оюнга чыктыбы,жакшы го
0
sirgak_92
2017-08-09 22:27:32
Нефтчи Алайды утту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан