Орусиядан жол кырсыгына кабылган кичи автобусту Кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
"Жол кырсыгына кабылган кичи автобусту эки Кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Ал эми ичинде Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болгон. Алар эч кандай оор жаракат алышкан эмес", - деп билдиришти элчиликтен.
Айта кетсек, жол кырсыгы 8-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:35 чамасында Оренбург облусундагы Нижняя Павловка-Холодные Ключи трассасында болгон. Анда Шевроле Ланос үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчү каза болгон. Орусиялык маалымат каражаттары кичи автобустун ичинде Өзбекстандын 15 жараны болгонун жана алардын Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөнү аныкталганын жазышкан.