Кара-Көл шаарында айдоочу 2 килограммдан ашык маңзат менен кармалды

Кара-Көл шаарында айдоочу 2 килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районунун 38 жаштагы Ж.Ө. аттуу тургуну башкарып бара жаткан Тойота Виндом үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 2 кара баштыкка оролгон ак түстөгү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 2 килограмм 90 граммды түзгөн заттын героин экени аныкталган.

"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-10 09:13:40
Жашоон анаша болот еми
0
juma11anara
2017-08-10 09:33:29
Кантип билип алдыңар? Рейд болуп эле машина текшерилбесе. План толтуруш керек болду деп эле айтышпайбы.
0
balanchaev
2017-08-10 10:58:10
Подстава эле болгон...
Кантип эле именно ошол машинаны токтотуп текшергени өтө таңгалыштуу...
Juma11anara,айтмакчы план толтуруш керек болгон....
Өзүм Кара-Көлдө жашаймгооо))))))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан