Кытайдагы жер титирөөдөн улам 60 миңдей адам коопсуз жайларга көчүрүлдү

Кытайдын Сычуань провинциясында катталган жер титирөөдөн улам 60 миңдей адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, учурда куткаруучулар коркунучтуу делген райондордон жарандарды көчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Аталган аймакта жердин силкинүүсү кайталанып жатат. Куткаруучулар коркунуч болуп жатканына карабай жашоочуларды куткаруу менен алек болууда. Бүгүнкү күндө 19 адам каза болуп, 263 адамдын жабыркаганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан