Кыргыз курама командасы Орусиянын Ульяновск шаарында 10-17-август аралыгында КМШ өлкөлөрүнүн спортчуларынын арасында өтүп жаткан спорттун улуттук түрлөрү боюнча Биринчи фестивалга жөнөштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган фестивалга Кыргыз спортчулары самбо, таяк тартыш, ордо, жаа атуу жана гиря көтөрүү боюнча мелдештерге катышат.
Курама команданын тизмеси:
Гиря көтөрүү боюнча команда:
Александр Сапожников - спорт чеберге кандидат;
Екатерина Старикова - эл аралык категориядагы спорт чебери;
Тариэл Бакиров - спорт чеберге кандидат;
Токтосун Мурзаев - спорт чеберге кандидат;
Шамиль Яргаев – машыктыруучу.
Таяк тартыш боюнча команда:
Азат Таштанбеков - спорт чебери;
Акыл Насынбеков - I разряд;
Келдибек Атайбек уулу - спорт чебери;
Нургазы Барманов - спорт чеберге кандидат;
Сергей Долгалев - эл аралык категориядагы спорт чебери;
Сергей Зенов - спорт чебери;
Эрмек Курманалиев – машыктыруучу.
Самбо боюнча командасы:
Даврон Маразыков - спорт чебери;
Дөөлөт Садыркулов - спорт чебери;
Нурсултан Абдухаликов - спорт чебери;
Нурсултан Уланов - спорт чебери;
Павел Гончаров - спорт чебери;
Кайрат Тургунбаев – машыктыруучу.
Ордо боюнча команда (көргөзмө мелдеш):
Бактыбек Кобошев - спорт чебери;
Кубаныч Моңолдоров - спорт чебери;
Мендибек Исмалов - спорт чебери;
Эркинбек Эсенбек уулу - спорт чебери;
Жаныбек Айталиев – башкы машыктыруучу.
Жаа атуу боюнча команда (көргөзмө мелдеш):
Азамат Акунов - спорт чебери;
Асель Садырова - II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону;
Кубан Томотоев – II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону.