Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылындагы жол кырсыгынан жабыркагандардын бирөөсү көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев билдирди.
"Жол кырсыгынан кийин оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген 17 жаштагы Раатбек Акматалиев кечээ, 9-август күнү саат 15:40та каза болду. Ошол эле окуядан жаракат алып ооруканага түшкөн дагы эки адам дарыланып жатат. Алардын абалын да оор деп баалоого болот", - дейт Жаныбек Карабаев.
Эскерте кетсек, 8-августтан 9-августка караган түнү саат 01:00дөр чамасында Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.