Улуу Британияга 12 вьетнам жаранын дөңгөлөктөргө жашырып өтүүгө аракет кылган кош бойлуу аял кармалды

Вьетнамдан 12 жаранды аткезчилик жолу менен Улуу Британияга Франция аркылуу Ла-Манш кысыгы менен алып өтүүгө аракеттенген 28 жаштагы кош бойлуу аял кармалды. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.

Улуу Британияга 12 вьетнам жаранын дөңгөлөктөргө жашырып өтүүгө аракет кылган кош бойлуу аял кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы британиялык Кэти Бетел Улуу Британияга Ла-Манш кысыгы аркылуу өтүү аракетин көргөн.

"Тирүү жүктөрдү Франциянын Кокель шаарындагы чек ара бекетинин кызматкерлери байкап калышкан. Чек арачыларга колго түшкөн аял алгач фургондогу 12 адамды билбей турганын айткан. Бирок териштирүү маалында анын мурда да кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылганы, аткезчилик жол менен төрөтүнө акча иштеп алгысы келгени аныкталды. Тергөөчүлөр "кармалган аял жашы жете элек 4 баласы бар экендигине карабай мыйзам алдында жооп берет" дешүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monok2001
2017-08-10 10:23:39
мына сага шумдугун кургур
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан