Футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалында "Нефтчи" командасы "Алай" командасын кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңип алды.
Оюндун 17-мүнөтүндө "Нефтчинин" футболчулары чабуул жасап Алишер Тухтасиновдун голу менен айырмаланды. 2-таймдын ортосунда Тухтасинов 2-голун киргизгенге үлгүрдү. 74-мүнөттө Юлдашбай Салимбаев эсепти 3:0 кылып "Нефтчи" командасына жооптук беттеште артыкчылык алып келди. "Алай" командасы 83-мүнөттө Эрнес Седьконун голу менен гана жооп берди.
"Нефтчи" (Кочкор-Ата) – "Алай" (Ош) 3:1
Калыс: Тимур Файзуллин
Голдор: Алишер Тухтасинов (17-мүнөттө; 63-мүнөттө), Юлдашбай Салимбаев (74-мүнөттө), Эрнис Седько (83-мүнөттө).