ЖЫЛНААМА, 10-АВГУСТ: "Тасмада сексуалдуу мырзанын образын жаратканым менен, жашоодо ага жетүү үчүн мага көп бар" деген Антонио Бандерас 57 жашка толду

“Тыӊчынын балдары”, “Төрт бөлмө”, “Кансоргуч менен маек” тасмаларындагы ролдору жана “Шрек” мультфильминде өтүкчөн мышыктын үнүн коштогону менен таанымал испаниялык жана америкалык актёр, ырчы, кинорежиссёр Антонио Бандерас бүгүн, 10-августта 57 жашка толду.Өтүкчөн мышык менен

Бандерас 1982-жылдан тарта Испаниядагы бир нече тасмаларга тартылып, 1992-жылдан соң өзүнүн талантын Голливуддан сынап көрүүгө бел байлаган. Кызыгы, ал Голливудга жаңы келгенде бир да англис тилинде сөз билчү эмес. Элдин сүйлөгөндөрүн угуп, көп колдонгон сөздөрдү эске тутуп жүрүп өздөштүргөн. Ал жактагы белгилүү ролдору ырчы Мадонна менен бирге тартылган “Эвита” фильми, андан соң “Зорронун бет кабы” тасмасы болуп, экөө тең “Алтын глобус” сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Ошондой эле дагы бир чоң ийгилик алып келген фильм “Тыӊчынын балдары” тасмасынын үчилтиги болгон.

Кино тармагына салым кошкону үчүн 2000-жылы Голливуддун “Даңк аллеясынан” өзүнүн жеке жылдызчасына ээ болгон.

Актёрдун хоббиси – футбол ойноо жана футбол көрүү. Өзү кичинесинен тарта спорттун бул түрү менен машыгып, келечекте белгилүү футболчу болууну самачу. Бирок бутунан катуу жаракат алып, бул кыялы менен коштошкон. Учурда “Реал” футболдук клубунун күйөрманы.

Антонио Бандерастын Испанияда жүзүм өстүрүүчү жер тилкеси бар. Бир топ жылдан бери актёрлуктан тышкары шарап жасоо менен алектенет. Бул тууралуу "мен актёрлуктан эмес, шарап жасоодон көп киреше табам. Бул кесип менен миллионер болсо да болот" деген ал. Ошондой эле анын аты менен атыр чыгарылат. Ал эми 2016-жылы “Selected” бренди менен биргеликте эркектердин күзгү жана кышкы кийимдеринин коллекциясын тартуулаган.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ушул кезге чейинки эң начар интервью деп Москва шаарындагы маекти эсептей турганын айткан. Ал 2011-жылы Москвага барып, ал жактагы “Прожекторперисхилтон” телеберүүсүнө катышкан.

“Аталышы Перис Хилтон менен байланышкан берүүдө конок болгом. Анда 4 бала бири-бири менен тамашалашып отуруп, мага бир да сөз беришкен эмес. Алардын жанында өзүмдү маскарапоздой сезгем”, - деген ал.

Актёр 1987-жылы Ана Леса аттуу актриса менен баш кошуп, 1996-жылы ажырашып кетишкен. Буга актёрдун тасмадагы өнөктөшү Мелани Гриффит менен мамилеси себеп болгон. Антонио жубайы менен ажырашкандан 1 жыл өткөн соң аталган актрисага үйлөнгөн. Көп өтпөй кыздуу болушкан түгөйлөр 2014-жылы расмий түрдө ажырашканын жарыялашкан. Ажырашууга Меланинин баңгизатына берилип кеткени себеп болгон.

Мелани Гриффит менен

"Тасмаларда сексуалдуу мырзалардын образын жаратканым менен, жашоодо аларга жетүү үчүн мага көп бар" деп айтып келет актёр. Азыркы кезде Бандерас банк кызматкери болуп иштеген сулуу Николь Кемпел менен сүйүү мамилесин куруп келет.

Ал эми актёр тасмаларга тартылуудан сырткары мода дүйнөсүнө киришип, өзүн дизайнер катары сынап жаткан кези.

10-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AKCAHAT
2017-08-10 21:09:55
Картайыптыр, жигиттин гулу болчу. Зорро озгочо сериал кутуп корчумун кичинемде. Диск дагы, ютюб дагы жок болчу((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан