Ысык-Көл облусунда эки жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-август күнү саат 20:00 чамасында Липенка айылынын кире беришинде болгон. Анда Фольксваген Венто үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып, даракты сүзгөн. Анын кесепетинен 1967-жылы туулган Б.Т. (айдоочу) жана 2010-жылы туулган Т. уулу А. (айдоочунун баласы) каза тапкан. Ошондой эле айдоочунун 12 жаштагы баласы оор абалда Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген.
"Ал эми экинчи жол кырсыгы 9-август күнү саат 20:10 чамасында Түп районунда болгон. Анда Хонда Стрим менен Фольксваген Пассат сүзүшкөн. Натыйжада эки машинанын айдоочулары окуя болгон жерден каза болушкан", - деп билдиришти ӨКМдан.