Өлкө аймагында "теракт уюштурууну көздөгөн" деп шектелгендер соттолду

Өлкө аймагында "теракт уюштурууну көздөгөн" деп шектелгендер соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, Баткен облустук соту "өлкө аймагында теракт уюштурууну максат кылган" деп шектелген М.Т., С.К. жана Р.А. аттуу жарандарга карата өкүм чыгарган. Ага ылайык алар 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылган.

"Алар Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, Кыргыз мамлекетинин аймагында теракт уюштуруу максатында кайтып келишкенде колго түшүшкөн. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн далилдери катары Калашников автоматы, гранаталар, ар түркүн калибрдеги ок-дарылар, террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана байланыш каражаттары табылган", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ilgizk
2017-08-10 11:41:07
аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан