Ысык-Көлгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-август күнү саат 21:00 чамасында "Алтын-Көл" пансионатында 1987-жылы туулган Ж.А. (эркек киши) көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткен. Издөө иштерине Чолпон-Ата шаарындагы Суучулдар борборунун куткаруучулары тартылып, саат 21:50дө чөгүп кеткен адамдын сөөгүн алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.