ЖЫЛНААМА, 10-АВГУСТ: Сүйүктүүсү бычак сайса да, анын күнөөсүн өз моюнуна алган орусиялык актёр Андрей Красконун көзү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак

"Чырактары талкаланган көчө”, “9-рота”, “Сүйүү сабизи”, “Кыйратуучу күч” жана башка бир топ белгилүү тасмаларга жана сериалдарга тартылган советтик театр жана кино актёру Андрей Краско 1957-жылы 10-августта Орусиянын азыркы Санкт-Петербург шаарында туулган.

Ал кичинесинде өрт өчүргүч, космонавт же шахтёр болууну каалачу. Чоңойгон сайын каалоолору өзгөрүп, актёрлук кесипти аркалоону чечет. Санкт-Петербургдагы актёрлук окуу жайды аяктаган соң, аскердик кызмат өтөөгө кеткен. Ал жактан келгенден кийин театрда иштеп, тасмаларга тартыла баштаган.

Актёр тасмаларда ар кандай образдарды чагылдырган. Мисалы, “Сулуулардын падышалыгы” тасмасында журналисттин, “Брежнев” сериалында чач тарачтын, “Ак кемеде” фильминде пансионаттын жетекчисинин жана башка ролдорду ийинине жеткире аткарып бере алган. Ал эми алгачкы ролун бала бакчада ойногону айтылат. Анда актёрдун атасы аяз атанын, өзү коёнектин образын аткарган.

Ошондой эле 1999-жылы чыккан “Улуттук коопсуздук агенти” тасмасында башкы каарманды ойнобосо да, дал ушул тасмадан соң актёрдун күйөрмандары көбөйүп, жылдызга айлана баштаган.

Ал мектепте окуп жүргөн кезде эле спирт ичимдиктерине жакын болгон. Бир жолу белгилүү басылмага интервью берип жатып, бул тууралуу өзү айтып берген.

“Жашырганда эмне, бир ичсем токтобостон ичем. Окуучу кезимде алкоголь эч таасирин тийгизбесе, азыр бир жума ичсем, бир жума калыбыма келүүгө аракет кылам”, - деген ал.

Орус басылмалары актёрдун 2 жолу расмий түрдө, 4 жолу жарандык никеде, жалпысынан 6 жолу үйлөнгөндүгүн жазып келишет. Алардан 2 уул, 1 кыздуу болгон.

Бир жолу актёрдун сүйгөн айымдарынын бири түшүнбөстүктөрдөн улам Красконун көкүрөгүнө бычак сайып салып, аны дароо "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Жыйынтыгында ал көп кан жоготуп, кийинчерээк мурда жабыркап жүргөн астма оорусу күчөп кеткен. Бул боюнча актёрдун сүйүктүүсү эч кандай жаза алган эмес. Себеби актёр күнөөнү өзүнүн моюнуна алып, бычакты кокустуктан сайып алганын айткан.

Ал 2006-жылы 4-июлда “Ликвидация” телесериалына тартылып жүргөн кезде жүрөгү токтоп, дүйнө салган.

10-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан