МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Дайыр Исмадияров Назира Жетигенова экөө аткарган "Жеңеке" дуэтинин клибин тартууда жеңенин кийимин табуу кыйын болгонун айтты

Ырчы Дайыр Исмадияров менен куудул Назира Жетигенованын аткаруусундагы “Жеңеке” дуэтине тартылган клип медиа-порталга жарыяланды. Буга чейин такыр тамашалуу клип тартып көрбөгөнүн айткан ырчы Дайыр Исмадияров тартуу иштери жөнүндө SUPER.KG`ге айтып берди.

"Клипти Нурсултан Кубатов деген клипмейкер тартып, режиссёрлукту өзүм аркаладым. Сценарийи да мага таандык. Негизи көптөр клиптин маанисин жакшы түшүнбөй, “ушундай да болмок беле?” деп айтып чыгышы мүмкүн. Биз болгону элге жагымдуу маанай тартуулап, тамашалуу кылып берүүгө аракет жасадык. Тартуу иштерине 2 күн кетти. Клиптин баш каармандары Назира эже экөөбүз. Биз алгач сценарийди даярдап алып, андан соң съёмкага киришкендиктен, бардык эпизоддор дароо биринин артынан бири тартылып, эч кандай кызыктуу же күлкүлүү окуяга кабылган жокпуз. Болгону жеңенин образын кантип чагылдырууну билбей, ага ылайыктуу кийим издөө гана бир аз кыйынчылык жаратты”, - деди ырчы.

Дайыр Исмадияровдун "Жеңеке" клибин бул жерден көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aisyrga88
2017-08-10 13:57:38
Жененин бир саны кайниники дешип тирда
0
adimyrza
2017-08-10 14:07:35
Жеңеңе кийим тапасаң айылга барбайт белең жеңелер халатын берип турат эле
0
Miroslav
2017-08-10 14:24:30
Бооотурган созду айтчы ээ Дайыр кийим табыш кыйын бооду деп.Самалёт же поезди арендага алган жоксун,Ош базарга барсан ошончо кийимго,же кымбаты керек болсо бутиктер толтураго шаарда.Дагы ушунча мин доллар кетти деп озуну пияр кылып койбопсун.Мен эле суйоберемби,сен деле суйсон болбойбу?деп ыр жазгансын,тексти сеники,эми ойлон мисалы, Кантип суйот сени суйбосо сени коргону козу жок болсо.Дал...п!
+3
myslimaaa
2017-08-10 14:43:35
Болгон нерсени айтат да, ооба базарларда кийим толтура бирок жененин образына кандай кийим керек ошону ойлонуштуда, мисалы клипте жененин кийими ачып кеткен. Кийим толтура деп эле ар кайсыны кийгизип тарта бербейтда.
+2
omur81
2017-08-10 14:49:36
Кыжырыңа тийсе ачып окуба,Дайыр азаматсың ишиңе ийгилик сенин ырларыңы жакшы көруп угабыз
0
omur81
2017-08-10 14:54:12
Боотурган,боооду дебей туура сүйлөсөңөр, айтканда айта бергиле жазганда туура жазгыла да
+1
Tyty1990
2017-08-10 15:21:12
Фирмач ырчы дайыр.... күлкүң келет бир эле суроо берем дайырга. Өзүңдү кандай ырчы деп ойлойсун?
+5
Altysha89
2017-08-10 15:35:44
Тооба адамдар кызыкбыз бизге өзү эмне жагат... ? Соонун тартылыптыр, көрө албай көптү сүйлөгөндөрго ийгилик. Дальше уланта бергиле.
0
Guji
2017-08-10 17:36:15
Халатко негизи женелердин кийими
0
beklan.kz12
2017-08-10 18:20:45
Назира Айтбекованы чакыргылачы туз эфирге сураныч супер kg
0
Tyty1990
2017-08-11 07:23:23
beklan.kz12,айтбековаң супердин черный списогунда
+2
admin_superstan
2017-08-11 12:31:43
beklan.kz12, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
AKCAHAT
2017-08-10 19:14:08
Олот экен эми женелер мн кайнилер бул ырды укканда. Маданиятыбыз томондоп эле баратат. Эми кезекте жездесине асылган Асель чыкса. Мини шортиктерди кийип, жездеке ойлорум сенде деп.
+3
Ferdews
2017-08-11 02:26:15
AKCAHAT,болушу мумкун))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан