Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок отурумга соттун катчысы келбей калганына байланыштуу ишти кароо 14-августка жылдырылды.
Буга чейин да Аида Салянованын соту бир гана жолу жылган. Буга жактоочу Чынара Жакупбекованын башка соттук процессте болгондугу себеп болгон.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.