Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө Төлөгөнов ооруп жатканын айтып, отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди.
"Бүгүнкү отурумду кийинкиге жылдырууңузду суранам. Анткени учурда абалым оор болуп турат. Башым айланып, кускум келип жатат. Мени менен чогуу СИЗОнун дарыгери да келген", - деди Төлөгөнов.
Сот келтирилген өтүнүчтү канааттандырып, соттук отурумду 16-августка жылдырды.
Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.