Активист Мавлян Аскарбеков кайсы бир иш боюнча шектүү катары УКМКга суракка чакырылганын бүгүн, 10-августта Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Айтымына караганда, УКМКдан чакыруу бүгүн келген.
"Жаны эле УКМКдан чакыруу кагазы келди. Бүгүн саат 17:00дө жактоочум менен барышым керек экен. 1 сааттын ичинде кайдан жактоочу таап, кайдан барам. Жок дегенде бир күн эрте айтышпайбы. Эмне жөнүндө экенин айтышкан жок. Бирок Дача-СУ, башка жаңы конуштар маселеси, Мусабекова же Балыкчынын мэрин сындаганым да себеп болушу мүмкүн", - деп жазат Аскарбеков.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылганыбызда, Мавлян Аскарбековдун суракка чакыртылганын тастыкташты.
"Мавлян Аскарбековдун коомчулуктун алдында айткан билдирүүлөрү боюнча соттук-эксперттик кызматы тарабынан текшерүү жүргөн. Анын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн ал шектүү катары суракка чакыртылды", - дейт УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.