Оюнчук чыгарган даниялык Lego Group ишканасы СЕО компаниясынын жетекчиси Бали Падданын кызматтан кеткенин жарыялады. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Падда жетекчиликке ушул жылдын январь айында келген.
Бали Падда 1-октябрда жетекчилик ордун өткөрүп берип, Lego'нун кеңешчиси кызматында калтырылат. Ал эми анын кызматтык ордун Danfoss компаниясынын өнөр жай тармагын жетектеген Нильс Кристиансен ээлейт.
Аталган компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Йорген Виг Кнудсторптун айтымында, Падданын жетекчиликтен алынышы - анын ишмердүүлүгү начар дегенди билдирбейт.
Болгону Lego өзүнө жашыраак директор алууну туура көргөн. Бали Падда учурда 61 жашта болсо, жаңы жетекчи Кристиансен 51 жашта.