Ош шаарында Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаадан 6 килограммдан ашык гашиш баңгизаты табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10-августка караган түнү саат 00:30 чамасында 49 жаштагы М.Б. аттуу тургундун Дэу Матиз унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаада таңгакталган 6 килограммдан ашык гашиш баңгизаты табылган.
"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.