Өмүрбек Текебаевге биринчи жардам көрсөтүлгөн соң сот залына алып келишти

Өмүрбек Текебаевге биринчи жардам көрсөтүлгөн соң сот залына алып келишти. Буга чейин айыпталып жаткан Текебаевдин жүрөк оорусу кармап, "Тез жардам" кызматы чакырылган эле.

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүп жаткан. Отурумда Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жумуш убактысы бүткөнүн негиз кылып, эртең улантарын айткан. Ошондой эле өзүн начар сезип жатканын да билдирген. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду аягына чыгаруудан баш тартып, керек болсо түн жарымына чейин улантарын айтып жооп берген. "Ата Мекен" партиясынын лидери сөзүн улантып, анын жүрүшүндө жүрөгү кармап калган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Syn4y
2017-08-10 19:32:26
Текеш сакайып кетсин
0
Ashygym
2017-08-10 19:43:45
Syn4y,эмне мынча текеберсин! тобоо кыл тууганым! Бирооно олум тилебей,, озуно омур тиле!
+3
Gena1
2017-08-11 08:44:47
Ashygym, калыстык учун айтыш керек, Syn4y олум тилебептир. Сакайып кетсин деп турат го
0
gulya583
2017-08-10 22:58:56
Биздин жепжутарлар камакка тушкондо ооруп калышат да назик болушуп, актёрлор жолдо калат... Элди алдап, эшекти сатып, арам акчаны жымырып атканда эч оорушпайт. Тойгозушту булар...
0
doping1
2017-08-11 01:09:22
омурбек акталса жакшы болмок
бирок
сасык саясатта баары болот
+1
Jipargyl17
2017-08-11 08:53:12
Чарчабадыго сот менен прокурорлор.кундо улантышат.кундо угушат.
мен чарчап кеттип окуй берип.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан