Жактоочу: "Дарыгерлер Текебаев эки күн эс алып, анын тынчын албаш керек экенин айтышты"

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отуруму өтүп, жараян эртең саат 8:30да уланмай болду. Мындай чечимди сот Айбек Эрнис уулу чыгарды.

Жактоочунун дарыгерлерге таянып айтканы боюнча, бүгүнкү отурумда Текебаевдин кан басымы көтөрүлгөн. "Мындан улам дарыгерлер Текебаев эки күн эс алып, анын тынчын албаш керек экенин айтышты", - деди жактоочу.

Бүгүнкү отурумда Текебаев өзүн жаман сезип жатканын айтып, кечки тамактанууга убакыт бөлүп берүүнү сурап, жараянды эртеңкиге калтырууну суранган. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду жабуудан баш тарткан. Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жүрөгү кармап калып, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган. Мындан тышкары сот Айбек Эрнис уулуна да медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
KAYRATBEK
2017-08-10 20:42:53
Жээнбеков шайлоодон отпой калса атанарды кошуп казанга салат Текебаев. Ошого бир аз ойлонуп иш кылгыла бул кундор да отуп кетет. Атанар да тактан кетет. Кышында президенти бир айда чунчутуп кирерге жер таптырбай койгон Текебаев чыкса аман калбайсынар. Ажонун хан сарайы жонундо чуу чыккан убакты бир эстесенер президенттин аброю ушунчалык тогулуп эч ким тоготпой калган. Эч эсимен кетпейт ошол кундор. Президент барбы жокпу эч ким эстебей калган бир айга жетпеген убакта. Парламентко аман болсун.
+18
dasta
2017-08-10 20:52:57
Теке чындыгында чындыкты суйлойт еркекче
+14
Medina87
2017-08-10 21:00:53
Текебаевге Кудай ден-соолук берсин, оорубасын! Бала-бакырасы менен аман болсун.
Бул кундор да отот....
Мен мурда Текебаевди баалабайт элем, Дача Суудагы окуялардан кийин чындыкты чыркыратып эл алдына жайып салааода АШАнын капканына тушуп калды.
+15
KGstan1981
2017-08-10 21:27:48
Атамбаевке импичмент,КСДП жоюлсун,КТРК эл учун иштесин.Жердештер мекендештер Атамбаев жана анын шайкалары кыргыз элинин устунон кулуп жатышат.Убакыт келди мындай кетиште Атамбаев баарыбызды камап салат.Атамбаев эмне 2005-2010ж.ж элдин толкундоолорун унутуп калган окшойт Атамбаевке эскертуу берип коейлук.
+14
Asyl.jazi
2017-08-11 00:51:37
KGstan1981, кыргыз элин жумшак балышка салып уктатып жатат
+2
erlist
2017-08-10 21:54:22
Текебаев кантсе да мамлектке коп пайдасы тийген адам ал мен ойлойм он не залуживает такой отношении к нему давит этпей калыс карагыла соттор ден солугу начар болуп атса эс алып дарылансын анын деле бала чакасы бар ата энеси дегендей ага душмандай мамле кылбагыла...
+12
Azatbek83
2017-08-10 22:26:10
Текабаев соттон акталсын эле атанарга кошуп эненерди корсотот!
+6
zz2013zz
2017-08-10 22:55:48
Текебаев жонундо ар кайсы сайттардан окуп комментариилерин окуп чыгам эринбей баары эле АШАга жана анын командасына наалат айткан адам,кээ бир бийликчил сайттарды карасан ал жакта деле ошол сайтка жана авторго наалат айткан адам,элдин назары жаман болот элдин каргышы тез тийет,ушунча нааразычылыкты коруп туруп адилеттулуктон тайбагылачы бийликтегилер,.!
Текебаев саясий туткун,Жапаров бечараны камадынар онбогурлар,мен дагы наалат айтам!
+7
altyn7776
2017-08-10 23:16:29
Уят!Ажо абдан эле уят болуп жатат. омурбек абдырахманов Текебаев 1миллион доллар пара алган деп 2013 жылдан бери эле айтып келе жаткан..Анан эле Текебиз эркексинби деп жайлап, импичмент жарыялап аны далилдегени чуркап жургондо кылмыш ишин ачты. Бул кыргыз элинин кызыкчылыгына жатпайт да... ошол эле Маевский эмне учун пара бергени учун соттолбойт? эмне учун антарылган самолет боюнча президент унчукпайт, актанбайт? журналистердин 50 миллион акчасы боюнча да ооз ачпайт? уят, айроок, айрок
+7
Gulum91
2017-08-11 00:16:51
altyn7776,туура айтасыз пара бергени учун деле статия болсо керек мыйзамда Маевскийди кошо соттош керек анда
+5
jbolotov
2017-08-11 02:17:36
Камаш керек! Ушунча жыл козго басаар иши болсо айткыла, омур бою бироону чукуп келет, озуда иштебейт иштетбейт дагы. Мына акыркы закону парламенттик болобуз деп мамлекетти карызга батырышты, кийин ким жооп берет? 120 депутатбы?
-4
Altysh_Boldush
2017-08-11 02:57:14
Ишенебергиле! Буйруса 5 лидер бийлике келет! Адахан кимсанбаевич президент! Сариев. Ташиев. Келдибеков. Торобаев. Жапаров. Текебаев пример министр болот буйруса. СДПКА групповой тюрьмого кирет буйруса. Ошондо Кыргызстан онолот. Бабанов болсо эки жузду)) шайлодо ким женсе ошол жака кошулуп кетет))
+4
TazaKyrgyz
2017-08-13 13:28:51
Мен комментарий жазган кишилерди тушунбой турам(айрымдарын)эмне себептен оз ойлорун аябай тануулашат.Мисалы мен баарынардын оюнарды сыйлайм бирок мен оз оюмду эч убакта тануулабайм.Менин да оз оюмда шайлоочу президентим бар,бирок мен келечектеги президент бул деп жазбаймда.Так что эч ким оюн тануулабаса кичине маданияттуураак болсок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан