Чолпон-Атада Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын мыкты 10 скульптурасы элге көрсөтүлдү (фоторепортаж)

Бүгүн, 10-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий комплексинде "Айтматовдун чыгармаларын барактап" аттуу таштан жасалган скульптуралар боюнча симпозиум өттү. Кыргыз скульпторлоруна колдоо көрсөтүү, улуу жазуучубузду даңктоо максатында уюштурулган иш-чарага коомдук ишмерлер, Айтматов таануучу, академик Дөөлөтбек Шадыбеков, Чолпон-Ата шаарынын мэри, район акими жана башка коноктор катышып, жазуучуну эскеришти. Ошондой эле 10 кыргыз скульпторунун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арнап жасаган эмгектери ачык асман алдындагы музейге коюлду.

Симпозиумдун уюштуруучуларынын билдиргенине караганда, буга чейин скульпторлор арасында сынак жарыяланып, 40 катышуучунун 10унун эмгеги мыкты делип тандалып алынган. Бийиктиги 2 метрден 7 метрге чейин жеткен таштан жасалган скульптуралардын ар биринде терең философиялык маани жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2017-08-11 00:28:08
Moлoдцы.
0
asmera
2017-08-11 09:48:46
Эмнегедир 1-абзацтагы "...Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы..." деген сөз айкашы анча коошпой турат. Анткени, эгер "Ысык-Көл" дегенде "көлдү" түшүнсөк, анда анын узуну, туурасы, тереңдиги болот, бирок "шаары" болбойт. Ошондуктан, жөн эле "Чолпон-Ата шаарындагы" десек - элдин баары түшүнөт. Андан да так болсун десек, анда "Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы" деп жазса болот.
-2
Алина Айдарбекова
2017-08-11 10:58:53
asmera, саламатсызбы? Бул жерде түз мааниде эмес, кыйыр мааниде колдонулган үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаары деп берилген. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаары дегенде эле Ысык-Көл району жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан