Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Шэньси провинциясында ири жол кырсыгы катталып, натыйжада 36 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсыктан көз жумгандардан сырткары 13 адам жаракат алган. Сычуань провинциясынын Чэнду аймагынан келе жаткан автобус тоннелге кирерде белгисиз себептерден улам дубалды сүзгөн.
"Учурда окуя боюнча иликтөө иши башталды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, континенталдык Кытайда жылына 260 миң киши жол кырсыгынан улам каза болот", - деп жазылат маалыматта.