Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташып бара жаткан унаа кулап, 6 тоннадай солярка төгүлдү

Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташып бара жаткан унаа кулап, 5-6 тонна солярка төгүлүп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта билдирди.

"Окуя 10-августта эртең мененки саат 08:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 94-чакырымында болгон. Анда “ДАВ” күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу унааны башкара албай калып, унаа оң капталына ооп кеткен. Натыйжада болжол менен 5-6 тонна солярка төгүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган маалыматта ӨКМнын кызматкерлери окуя болгон жерге барып солярканын нугун жолдун четине бурушуп, көзөмөлдөшкөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rozhulun
2017-08-11 11:41:10
Бишкек-Ош жолу воопще болбой калганбы деймда акыркы күндөрү...
+6
Rifle_I
2017-08-11 12:25:59
Rozhulun,ремонттолбой тамтыгы чыгып кетти. Сосновкадан төлөнгөн акчалар кимдердин чөнтөгүнө кетип жатат белгисиз.
+1
Kuba-savai87
2017-08-11 11:43:37
5-6 тонна бунун багына эле батса керек
+2
RusMos76
2017-08-11 11:53:34
шоопурлар акшындап айдашат да озу кандуу жолдо, канчалаган адамдардын омуруно зыян кылып жатканын такыр эске алышпайт!
+4
Batma08
2017-08-11 13:53:16
Айдоочу эчнерсе болбогонуна шугур
+1
Taalaibek.
2017-08-11 16:00:14
Канча айтам жаш балдарга айдатпагыла деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан