"Кан соргучтун күндөлүктөрү" сериалындагы ролу менен көпчүлүккө таанымал америкалык актёр Иэн Сомерхолдер менен "Күүгүм" тасмасында Розалинин ролун аткарган актриса Никки Рид тун наристелүү болду. Түгөйлөр 25-июлда кыздуу болушкан, бирок бул тууралуу маалымат бүгүн гана, 11-августта белгилүү болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарда ата-эне тун кызына өзгөчө Боди Солели Рид-Сомерхолдер деген ысым ыйгарышканы айтылат.
Белгилей кетсек, Никки менен Иэн 2015-жылы баш кошуп, актрисанын кош бойлуу экендиги ушул жылдын май айында белгилүү болгон.