Чүй облусунун Ысык-Ата районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ӨКМнын алдын ала берген маалыматына ылайык, селден улам 2 сарай, 6 электр мамысы жараксыз абалга кептелген.
"Кой-Таш-Ысык-Ата курорттук жолу убактылуу жабылды. Кырсык болгон аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы жөнөп кетти", - дейт ӨКМнын маалымат кызматы.