27-майдан 1-июнга чейин Бишкекте “Балдар - биздин планетанын келечеги!” аттуу теннис боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаевдин айтуусу боюнча, мелдешке катышуучулар жашы боюнча 2 топко бөлүнүп, күч сынашат. Анда 2000-жылы туулгандар 1-топто, 1996-1999-жылы туулгандар 2-топто ойношот. Айта кетсек, теннис талаасындагы беттешүүгө чет өлкөлүк спортчулардын да келүүсү күтүлүүдө. Ал эми мелдештин жеңүүчүлөрү кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышмакчы. Иш-чара “Тай-Брейк” теннис клубунда орун алат.