Бүгүн, 12-августта ырчы Роза Шакирова 39 жашка толду. Ырчыга чалып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү жакшы маанайда башталганын айтты.
"Бүгүн эң биринчи болуп Жалал-Абаддан күйөрманым чалып, туулган күнүм менен куттуктады. Жолдошум менен уулум таң атпай гүл берип маанайымды көтөрүшсө, тааныш дизайнер эже көйнөк тигип белекке бермей болду. Туулган күнгө көп деле маани бербейм, бирок бул күнү эркелегим келет. Жыл сайын өздүк майрамымда апамды куттуктачу элем, быйыл чалган жокмун..", - деди ал ойлуу.
Белгилей кетсек, Роза Шакирова 1978-жылы 12-августта Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарчасында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы музыкалык орто окуу жайдын кларнетте ойноо жагына тапшырган. Кийин Улуттук консерваториянын опера бөлүмүнө тапшырып, 5-курсунан тартып "Туңгуч" театры менен чогуу гастролдорго чыгып, иштей баштаган. Ырчы көпчүлүккө "Карабачы", "Үйлөнүү той", "Алдым ыйлап" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.