Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 20 жаштагы кыз каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Патрулдук милициянын Ош облустук бөлүмүнүн басма сөз катчысы Айбек Бечелов билдириди.
Анын айтуусуна караганда, окуя 11-август күнү саат 14:00дөр чамасында болгон.
"Ош шаары тараптан Кара-Суу шаарын көздөй келе жаткан Хюндай Аванте үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу унааны башкара албай жолдун ортосундагы тосмону сүзүп өтүп, жолдун карама-каршы багытына чыгып оодарылып кеткен. Натыйжада жүргүнчү болуп бара жаткан 1997-жылы төрөлгөн кыз каза болуп, айдоочу менен дагы эки жүргүнчү медициналык жардам алуу үчүн Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылышты", - дейт Бечелов.